Жаңылыктар
ДКО: жарандарды коргоо үчүн куткаруучу жана атайын техникалар бөлүндү
Кыргызстан жаңылыктары
ДКО: жарандарды коргоо үчүн куткаруучу жана атайын техникалар бөлүндү

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында конокторду ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдардан коргоо үчүн 249 куткаруучу жана 54 атайын техника бөлүндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Күнү-түнү жардам көрсөтүүгө даяр кызматкерлер "Манас" аба майданынан тарта "Кырчын" жайлоосуна чейин 15 мобилдик пункттарда кезметте турат. Ошондой эле Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан ар бир объектиде ӨКМдин ыкчам штабдары кызмат кылып, көл жээгинде курткаруучулар жана суучулдар нөөмөт өтөйт.