Жаңылыктар
ДКО: Ысык-Көл облусунун айрым участкаларында жол кыймылына чектөөлөр киргизилет
Кыргызстан жаңылыктары
ДКО: Ысык-Көл облусунун айрым участкаларында жол кыймылына чектөөлөр киргизилет

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда, тагыраагы, 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун айрым участкаларында жол кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет. 

Буга байланыштуу уюштуруучулар жолго чыккандардан жол тыгындарын болтурбоо максатында жолдо жүрүүнү алдын ала пландап алууну эскертет.

Оюндардын ачылыш жана жабылышы маалында Чолпон-Ата шаарындагы жол кыймылына маал маалы менен чектөөлөр киргизилет. Алар жогорку даражалауу коноктордун кортежи өткөн убакыта гана. Башка маалда шаардын жолу жеңил унаалар үчүн ачык болот. Оюндардын ачылышына келген коноктордун унаалары ат майданга кире алышпайт. Алар үчүн Чолпон-Ата шаарынын батыш жана чыгыш тарабына унаа токтотуучу эки жай иштейт. Атайын жайга унаасын токтоткон коноктор ачылышка кирүү билети менен атайын автобустар менен ат майданга жеткирилет.