Жаңылыктар
Бишкекте 31-августта коомдук тартипти эки миңден ашык милиция кызматкери көзөмөлгө алат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 31-августта коомдук тартипти эки миңден ашык милиция кызматкери көзөмөлгө алат

Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого эки миңден ашык милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты. 

Ага ылайык, 31-август күнү Чүй проспектиси, Киев, Рыскулов жана Абдымомунов көчөлөрү Тоголок Молдодон - Тыныстанов, Логвиненко жана Эркиндик бульварына чейин транспорт үчүн жабык болот. Ошондой эле Чүй проспектиси менен Киев көчөсүн байланыштырган каттамдарга дагы убактылуу чектөө киргизилет. 

Башкармалык шаар тургундары менен конокторду коопсуздук маселесине олуттуу караганга чакырат. Эгерде кандайдыр бир шектүү буюм көрүп калган болсо дароо 102 номуруна чалып же жакын жердеги милиция кызматкерине кайрылууну суранат.