Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдерин доктору, өлкөбүздөгү биринчи хирург аял - Какиш Рыскулова менен коштошуу зыйнаты Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болуп өттү. Ага маркумдун жакындары, кесиптештери, президенттик аппараттын, өкмөттүн жана башка бийлик бутактарынын өкүлдөрү катышты.
Анда Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор Какиш Рыскулованын басып өткөн жолу, саламаттык сактоо тармагына кошкон баа жеткис салымы, республиканын коомдук, саясий иштерине активдүү катышканы, дарыгерлерди, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого жана илимди өнүктүрүүгө кошкон салымы баса белгиленди.
Какиш Рыскулова 1918-жылдын 15-октябрында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Карагай-Булак айылында туулган. Ал 250дөн ашык илимий эмгектин автору, 13 монографиясы, 11 ойлоп чыгаруулары жарыяланып, медицина жаатындагы 4 китеби басып чыгарылган.