Жаңылыктар
ШКУга мүчө-мамлекеттеринин юстиция министрлеринин алтынчы кеңешмеси өттү
Кыргызстан жаңылыктары
ШКУга мүчө-мамлекеттеринин юстиция министрлеринин алтынчы кеңешмеси өттү

Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин юстиция министрлеринин алтынчы кеңешмеси өттү. Аталган иш чарага Индия, Кытай, Пакистан, Россия, Казакстан,Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышты.

Достук жана өз ара түшүнүшүү жагдайында болуп өткөн кеңешменин жүрүшүндө катышуучулар ШКУга мүчө мамлекеттердин юстиция министрлеринин бешинчи кеңешмесинин жыйынтыктарына ылайык, келишкендиктерди ишке ашыруу боюнча юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташтыктын жыйынтыктарын чыгарышты. 

Эл аралык коопсуздуктун учурдагы коркунучтарынын жайылышына каршы турууда ШКУга мүчө мамлекеттердин юстиция министрликтеринин ролу талкууланды. Мекемелер аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен ШКУга мүчө мамлекеттердин юстиция министрлеринин кеңешмесинин соттук-эксперттик иши боюнча эксперттердин жумушчу тобунун курамы жана 2018-2020-жылдарга иш планы бекитилди. 

Кеңешмеде байкоочу катары Афганистан, Белорус, Монголия жана Иран Ислам Республикасынын юстиция министрлери катышууда. Ошондой эле, кеңешмеге ШКУнун башкы катчысынын орун басары Нурлан Аккошкаров катышты.