Кыргызгидромет ушул аптага карата аба ырайынын божомолун айтты. Ага ылайык, жуманын алгачкы күндөрүндө тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде жаан жаайт, ал эми өрөөндөрдө күн ачык болот. 27-28-августта тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
29-августта батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. 30-августта Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, бийик тоолуу жерлерде кар жаашы божомолдонууда. Ал эми 31-август күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Аптанын акыркы күндөрү дагы жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.