27-августтан тарта ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтөт. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди. Эски аянтта таң эрте күч түзүмдөрүнүн даярдыгы көрсөтүлдү.
Алдыдагы Эгемендүүлүк күнүн майрамдоодо, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитинин өтүшүнө карата коопсуздукка жана коомдук тартипке көз салууда сиздерге жоопкерчиликтүү милдет жүктөлгөн, - деди өлкөнүн башкы тартип сакчысы.