Жаңылыктар
Тажикстанда «бала соодалоого» айыпталгандар арбыды
Кыргызстан жаңылыктары
Тажикстанда «бала соодалоого» айыпталгандар арбыды

Тажикстанда 20дан ашуун түгөй «бала соодалоого» айыпталууда. Тажикстандын Башкы прокуратурасы 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында киши соодалоого айыпталган 30 кишиге карата кылмыш ишин козгоду. Ошол эле учурда Саламаттык сактоо министрлигинин социалдык мекемелерине ата-энеси баш тарткан 51 наристе келип түшкөн. 

Укук коргоочулар бала асырап алуудагы оор жана узак жол-жоболор туяксыз түгөйлөрдү мыйзам бузууга түртөт деп эсептешет. Баласы жок жубайлардын көбү юридикалык процедуралардан качып, адатта туугандарынын жана тааныштарынын балдарын асырап алышат. Бирок убакыттын өтүшү менен мындай учурлар соттошуу менен аяктайт.