Жергиликтүү кеңештерге жогорку билими жок жарандар талапкерлигин кое албайт. Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, жакында Жогорку Кеңешке жиберилет. Мекемеден билдирилгендей, документти БШКнын атайын түзүлгөн жумушчу тобу иштеп чыккан.
Буга чейин коомчулукта жергиликтүү кеңешке жогорку билими жоктор талапкерлигин коюп, депутат болуп жатышканы, элет жерин өнүктүрүүдө эл өкүлдөрү билиминин тайкылыгы кедергисин тийгизип жатканы айтылып келгени бар. Мындай сунушту жумушчу топтун жер-жерлерди кыдырып эл менен жолугушкан учурда айтылып, андай талап партиялар тарабынан да коюлганын БШК билдирет.
Мыйзам кабыл алынып калса, талапкер болгон адам жогорку билими тууралуу тиешелүү документти аймактык шайлоо комиссиясына сөзсүз тапшыры керек болот. Деген менен буга каршы чыккандар да болууда. Алардын пикиринде, бул адам укугунун бузулушуна алып келет. Ошол эле маалда колдогондордун да саны арбын.
Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"