Жаңылыктар
Апрель окуяларында каза болгондордун жакындарына көмөк көрсөтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Апрель окуяларында каза болгондордун жакындарына көмөк көрсөтүлөт

2010-жылдын апрель окуяларында каза болгондордун жана жабыр тарткандардын жакындарына көмөк көрсөтүү бирдей жана туруктуу болушу керек. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүн кабыл алуу учурунда билдирди. 

Өлкө башчысы анда сегиз жыл мурдагы окуялар тарых боюнча окуу китептеринде чагылдырылып, илимий баа берилиши керек деген демилгени көтөрдү.

Мамлекеттик комиссия 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, 13-14-майда Жалал-Абад шааарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялайт. Жакында анын курамына өзгөртүүлөр киргизилип, Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов комиссиянын төрагасы болуп бекитилген. Мындан сырткары курамга «Мекен шейиттери», «Апрель Баатырлары» жана «Айкөл Ала-Тоо» баштаган бир катар коомдук бирикмелердин мүчөлөрү кирди.