Кыргызстанда курулуш тармагына байланыштуу ишканалардын саны өсүүдө. Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматына караганда, быйыл алардын саны 6 миң 578ди түзүүдө. Бул көрсөткүч былтыр 329га азыраак болгон.
Быйыл жыл башынан бери курулуш тармагындагы дүң өнүмдүн көлөмү 54 миллиард 300 миллион сомго жетти. Бул жааттагы инвестициялардын басымдуу бөлүгү кен казуу, кайра иштетүү, электр менен камсыздоо, унаа ишмердүүлүгү жана турак жай курулушуна жумшалган.