Жаңылыктар
Сахалинде кырсыктан жабыркаган беш кыргызстандык бүгүн ооруканадан чыгат
Кыргызстан жаңылыктары
Сахалинде кырсыктан жабыркаган беш кыргызстандык бүгүн ооруканадан чыгат

Сахалинде кырсыкка кабылып ооруканага түшкөн беш кыргызстандык бүгүн ооруканадан чыгат. Алардын абалы учурда жакшы. Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын башчысы Эшим Төлбаев билдиргендей, каза болгон эки кыргыз жаранынын сөөгү мекенине бейшемби күнү жөнөтүлөт. 

Эске салсак, 19-августта Сахалиндин Поронайcк шаарында мурдагы кагаз чыгарган заводдун чатыры түшүп кетип, анда иштеп жаткан жумушчуларды басып калган. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кырсык болгон учурда имаратта 10 мигрант иштеп жаткан. Алардын экөө аман калган, дагы бешөө уранды алдынан тирүү табылып, ооруканага жеткирилген.

Каза болгон үч адамдын экөө Кыргызстандын, бири Тажикстандын жараны экени аныкталган. Кыргызстандыктар 22-23 жаштагылар экени, ал жакка барганына бир аз убакыт болгону кабарланган.