Жаңылыктар
Кышка камылга башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кышка камылга башталды

Нарындын Ак-Талаа районундагы “Турук” көмүр кенинен дубандагы бюджеттик мекемелерге көмүр тартыла баштады. Анда кара алтындын наркы жеринде тоннасы 1200 сомдон сатылууда. Ал эми калк үчүн көмүрдүн наркы үч жарым миң сом. 

Учурда кенде 2 жеке көмүр казуучу ишкана иштеп, быйыл болжол менен 20, 25 тоннага чейин кара алтынды казууну пландап жатышат. “Турук” кенинин шарты катаал жана кыш мезгилинде жол жабылат.