Жаңылыктар
Жаңы конуштардагы турак жайлар мыйзамдаштырылат
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы конуштардагы турак жайлар мыйзамдаштырылат

Кыргызстанда миңдеген гектар айдоо аянттарына турак үйлөр салынып, аларды мыйзамдаштыруу маселеси көп жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөй эле. 

Өткөн апта министрлер кабинети бул маселе боюнча кеңешме өткөрүп, анда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 14 миң гектар айдоо аянтынын 9 миң гектары трансформация кылууга кире турганын билдирди. Ал эми калган 5 миң гектар жер мыйзамдын талаптарына жооп бербей турганы, бир категориядан экинчисине өткөрүү мүмкүн эмес экени белгиленди.



Мухаммедкалый Абылгазиев документ кабыл алынгандан кийин жарандар өз мүлктөрүн мыйзамдаштырып, жашаган жери боюнча каттоого туруп, балдарын бала бакча, мектепке берүү, социалдык жана медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүк жараларын белгиледи. Мыйзамдын кабыл алынышы жөнөкөй жарандардын күнүмдүк жашоосуна оң таасирин бермекчи.



Бирок ошол эле учурда, бул мыйзам айдоо жерлерин башка категорияга өткөрүүгө тыюу салуу боюнча жарыяланган мараторийден кийин айыл чарба жерлерине мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн жактарды жоопкерчиликтен бошотпойт деп белгиледи премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев. 



Дача-Керченский конушу 2007-жылы түптөлгөн. Жалпы аянты жети гектар. Жергиликтүү тургундардын айтымында конуштун аймагы 11 жыл мурда Бишкектин Свердлов райондук администрациясы тарабынан бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерге деп бөлүнүп берилген. Бирок конуш ээлеген жер аянты эмгиче трансформация боло элек. Азыр мында кеминде жүз кишидей туруктуу жашайт. Андан бери жол тапталып, конуштун эли каражат чогултуп электр жарыгын, суу киргизип алышкан.