Жаңылыктар
Ош-Ташкент багыты боюнча каттам ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ош-Ташкент багыты боюнча каттам ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү

Өзбекстан менен Кыргызстандын авиация бийликтери Ташкент менен Бишкектин ортосундагы учууларды көбөйтүп, Ош-Ташкент багыты боюнча каттам ачалы деп макулдашты. 

Ушул аптада Ташкентте эки өлкөнүн авиация бийликтери жана улуттук авиакомпаниялардын өкүлдөрү жолугушуп, сүйлөшүү жүргүзүшкөн. 

Тараптар Ташкент-Бишкек-Ташкент багыты боюнча учууларды жумасына 4 жолу уюштурууну макулдашты. Ошондой эле Ош-Ташкент-Ош багыты менен аптасына 1 каттам ачууну сүйлөшүштү. 

Мындан сырткары жүргүнчүлөр арбын болсо, Ташкент-Тамчы-Ташкент, Бишкек-Самарканд-Бишкек жана Ош-Самарканд-Ош багыттары боюнча чартердик каттамдар уюштурулары чечилди.