Эки өлкөнүн ортосундагы өз ара соода сатыкты миллиард долларга чейин жеткирүү. Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары мындай көрсөткүчкө жыл аягына чейин жетүү максатын коюшту. Астанада кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.
Эки мамлекеттин кызматташтык мамилеси кеңири. Бул жолку кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында олуттуу маселелерге орун берилди. Анын бири өз ара соода-сатык алакасы.
Бул жагынан алып караганда тараптар жалпы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууну эп көрөт. Бул албетте жалпы чек ара. Мухаммедкалый Абылгазиев “Каркыра” жана “Кеген” көзөмөл-өткөрүү бекеттеринин пайдаланып, эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейте алабыз-деди. Муну менен катар “Токмок” менен “Кең-Булуң” көзөмөл-өткөрүү бекеттеринин макамын өзгөртүү боюнча протоколго кол коюлду. Эгер буга чейин бул бекеттер аркылуу эки өлкөнүн жарандары жана жеңил унаалар өткөрүлүп келген болсо, эми көп тараптуу багытты камтыйт.
Чындыгында өлкөдө туризмдин өнүгүшү баардык тармакта өрүш алышына таасир этет- деди Кыргызстандын өкмөт башчысы. Мамлекеттер ортосунда жалпы чек ара болгондуктан бул багытты өнүктүрүүгө басым жасалышы керек.
Ошол эле учурда Абылгазиев Кыргызстан менен Казакстан ЕАЭБге мүчө мамлекет болгон соң санариптештирүү маселелери улуттук экономиканын гана эмес, интеграциялык процесстер үчүн да, экономикалык кызматташуулар үчүн да абдан маанилүү экенин белгиледи. Айрыкча Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү Санариптик күн тартибин ишке ашыруу - бардык өнөктөш өлкөлөрдүн алдына олуттуу милдеттерди коюуда.
Кеңештин отурум жыйынтыгында бир катар эки тараптуу кызматташтык келишимдерге кол коюлду. Алардын катарында көзөмөл өткөрүү бекеттери боюнча келишимге өзгөртүү киргизүү, эки мамлекеттин экономика министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу документтери бар.