Кыргызстандагы суу экспорттоого ылайыкталган товарга айланат
Новость

Бир нече жылдан кийин суу Кыргызстанда экспорттоого ылайыкташкан негизги товарга айланат. Ал эми сомдун кунун дүйнөлүк рыноктогу суунун баасына байлайбыз. Экономист Илхам Сайпидиновдун баамында, Кыргызстандагы соода түйүндөрүндө газдалбаган бир литр суунун орточо баасы 17 сом турат. Бул - башка өлкөлөргө караганда бир топ арзан. Салыштыра турган болсок, ичүүчү суу бүгүнкү күндө нефтиден кымбат. 

Экологдор буга чейин эле мөңгүлөрдүн ээрүүсү жана сууну туура эмес колдонуу - анын кымбаттоосуна түрткү болоорун айткан болчу. Божомолдор туура чыгып жатат. Тагыраагы, жума күнү Brent маркасындагы нефтинин 1 баррели 34 доллар 11 цент, ал эми WTI маркасындагы нефтинин 1 баррели 31 долларды түздү. Эгер бир баррелдеги нефтинин баасын сомго которо турган болсок - 2360 cом болот. Ал эми бир баррел нефти 159 литр нефтиге тең келет. Муну менен бир литр нефтинин баасы орточо эсеп менен 14 сом болот. 

"Азыркы тапта мамлекеттердин талашы да нефти менен байланыштуу. Ал эми жакынкы келечекте ошол эле экологдордун божомолу боюнча араздашуунун өзөгүн ичүүчү суу түзүп калат. Менин баамымда болсо, бир нече жылдан соң дүйнөлүк базарда суунун эки түрү: ичүүчү жана сугаруучу суу сатылып калат. Мына ошондо суу Кыргызстан үчүн негизги экспорттточу товарга айланат. Ал эми сомдун корун дүйнөлүк рыноктогу суунун баасына теңейбиз", - деп кошумчалады экономист.