Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков 2020-2023-жылдарга карата Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунда экологиялык абалды жакшыртуу боюнча комплекстүү чаралардын планын ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү.
Отурумда Бишкектин айланасындагы калктуу конуштарга газ киргизүү ишинин жүрүшү жана Бишкек ЖЭБин оңдоодо аткарылган жумуштар талкууланды. Тиешелүү ишканага газ киргизиле турган калктуу конуштардын аймагын кеңейтүү жана ылдамдатуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушу киргизилди. Ошондой эле борбордун от казандарын жаратылыш газына өткөрүү маселелери талкууланды.
Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков абага чыккан зыяндуу заттарды азайтууга багытталган милдеттерди ишке ашыруу маанилүү деп белгиледи. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдарга Бишкек ЖЭБин оңдоо ишин өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө бүткөрүү, абага түтүн менен бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн азайтуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.