Кыргызстанда аркар-кулжанын саны 16 миңден ашат - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Кыргызстанда аркар-кулжанын саны 16 миңден ашат. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришти. 

"Өлкөдө Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген аркардын үч түрү бар: Марко Поло, Тянь-Шань жана Северцев. Учурда алардын саны 16 миңден ашат", - деп билдирет агенттик. Ошондой эле Кыргызстанды 46 миңден ашык тоо теке, 4 жарым миңдей элик, 3 миңден ашык каман байырлайт.