ӨКМ: бийик тоодогу көлдөрдүн жырылып кетүү коркунучу текшерилүүдө
Новость KTRK/videograp

Учурда бийик тоолордо жайгашкан көлдөрдүн абалы туруктуу, көлдөрдүн жарылуу коркунучу жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 17-августка карата бардык көлдөрдүн абалы туруктуу, көлдөрдүн деңгээли жай толуп, өз нугунда агып жатат. Анын ичинде айрым көлдөр дагы деле муз катмарынын алдында болгондуктан жарылуу коркунучу жок. 

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактардагы өкүлдөрүнүн катышуусу менен июлдан бери республиканын аймагында бийик тоолуу көлдөрдүн абалын баалаган көзөмөл иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күндө бийик тоолордун үстүндө жайгашкан 48 көлдүн абалы каралып жатат.