Бишкек шаарынын муниципалдык кызматы жаңы парктарды, скверлерди, жөө жана веложолдорду көрктөндүрүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
“Азыр борбордогу гүлзарлар жыпар жыттанып, кулпуруп турат. Сентябрда дагы кооз болот. Гүлдөрдү “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кышында өстүрүп башташкан. Кийин клумбаларга көчүрүп отургузулду”, - деп айтылат билдирүүдө.
Мэриянын маалыматы боюнча, ушул жайдын башында Валиханов көчөсүнүн эки бооруна дээрлик 35 миң түп гүлдөн куралган "Бишкек-2020" деген жазуу жазылган. Ошондой эле Байтик баатыр көчөсүндө да гүлзар тигилген. Ала-Тоо аянтындагы көпөлөк формасындагы гүлдөрдү “Тазалык” ишканасы отургузган. Ал жерде седум, сальвия, агератум, алиссум сыяктуу 48 миң даана гүл бар. Шаарды кооздоо үчүн бул жылы 18 түрлүү, жалпы саны миллиондон ашык даана гүл тигилет.