Ленин чокусу таштандыдан тазаланат - Кыргызстан жанылыктары
Новость KTRK/videograp

Августтун 8инен 25ине чейин Ленин чокусун таштандыдан тазалоо боюнча акция башталды. Ага альпинисттер клубундагы гиддер, жергиликтүү элден куралган ыктыярчылар катышууда. Жыйналган таштанды Чоң-Алайдын Дароот-Коргон айылындагы таштанды талаасына төгүлөт.

Ошондон тарта, аталган чоку экстремалдык спортту жактырган альписттердин сүйүктүү, сыймыктуу жайына айланган. Жылына миңдеген чет элдик туристтер келет. Альпинисттик туризм өнүккөн менен, аталган жайда совет мезгилинен тарта эң жөнөкөй шарттар эске алынган эмес. Туристтер тыныгып, эс алуучу 3 лагердин биринде да таштанды челек жок. Альпинисттердин кайрылууларын эске алуу менен, 2018-2019-жылдары Республикалык альпинисттер клубу Эдинбургдагы Нэпиер Университети менен биргеликте изилдөө жүргүзгөн. Жыйынтыгында, Ленин чокусунун экологиялык абалы оор деп табылган.