Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган.
Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (УТРК) бул шайлоону утурлай талапкерлерге саясий жарнама берүү мүмкүнчүлүгүн сунуш кылат.
Жарнамалык материалдарды УТРК, Ала-Тоо24, Музыка, Спорт каналдарынан тышкары, “Биринчи радио”, “Миң кыял ФМ” радиолоруна, ошондой эле УТРКнын Facebook, Instagram расмий баракчаларына жана YouTube каналдарына жайгаштыруу мүмкүн. Бардык жарнамалар Борбордук шайлоо комиссиясынын талаптарына ылайык, талапкерлер үчүн тең шартта көрсөтүлөт.
Жарнамалык кызматтарды алуу үчүн төмөнкү номерге кайрылсаңыз болот: +996 554 455 444.