Кыргыз тилиндеги мультфильмдер — “Баластан” жана УТРК каналдарында!
Новость

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жана Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен бирге даярдалган кыргыз тилиндеги “Билгичтер” мультсериалынын жаңы сезонунун бет ачарын сунуштайбыз!

Күзгү каникул күндөрүн балдарыңыз менен бирге кызыктуу, пайдалуу жана улуттук баалуулуктарга бай мультфильмдер менен өткөрүңүздөр.
Эскерте кетсек, күзгү эс алуу мезгили 5–9-ноябрь күндөрүнө туш келет.
Кыргыз тилиндеги мультфильмдер топтомун “Баластан” жана УТРК каналдарынан көрүңүздөр.