Чыныгы сүйүү 40 жаштан өткөндөн кийин, 50 жаштын тегерегинде башталат. Бул тууралуу УТРКнын “Айымдар” берүүсүндө психолог Аида Урдинова билдирди.
Анын айтымында, адам бул куракта жашоонун сыноолорунан өтүп, кыйынчылыктардын баарын жеңгенден кийин гана кечирүүнү жана түшүнүүнү үйрөнөт. Ошондон соң гана нукура сүйүү пайда болот.
“Мындай учурда түгөйлөр бири-бирин сыйлап, чыныгы сүйүү менен жашай башташат. Бул тыянак көптөгөн сурамжылоолордун жыйынтыгында чыккан. Адам карыганда жалгыз калбашы керек, жанында сүйгөн жана түшүнгөн адамы болушу абдан маанилүү”, — деди Урдинова.