Келиндин жүгүнгөнү — жөн гана сылыктык эмес, чоң философия. Бул тууралуу Эл агартуунун отличниги Бүбүкан Жусупова УТРКнын “Кыргыз руху” берүүсүндө айтып өттү.
Анын айтымында, келин жүгүнгөндө бата алып, ошол эле учурда күйөөсүнүн аманчылыгын жана үй-бүлөнүн ынтымагын тилеген болот.
“Келин жүгүнүп алган бата өтө сонун. Анткени келин кайнене, кайната же кайнагага тике карап “саламатсызбы” дегенден көрө, ийменип, ийкемдүү болуп жүгүнүп койсо бата алат. Келиндин жүгүнгөнү — бул жөн гана салт эмес, терең философия, — деди ал.
Жусупованын айтымында, келиндин жүгүнүүсү эки маанини камтыйт: биринчиден, улуулардан бата алуу, экинчиден, күйөөсүнүн аманчылыгын тилөө.
“Көрсө, аялдын жолдошу каза болгондон кийин ал жүгүнбөй калат экен. Ошондуктан “жолдошум аман болсун, түгөйүм менен тең карыйын” деген тилекте келиндер жүгүнүп жүргөнү жакшы”, — деп белгиледи Бүбүкан Жусупова.