Жасалма интеллект жумушубузду тартып алабы же жеңилдетеби?
Новость

Жасалма интеллект жашообузду түп-тамырынан өзгөртпөйт, болгону аны жеңилдетет. Бул тууралуу ЖИ боюнча эксперт Айзаратбек Эсенов билдирди.

Эсеновдун айтымында, ЖИ жасап жаткан сүрөт, видео жана башка контенттер мурун да жасалып келген, бирок эми технологиянын жардамы менен аларды кыска убакытта жана жеңилдетилген жол менен даярдоого болот. 

«ЖИ биздин жашообузга тез кирип жатканы үчүн ар кандай пикирлер пайда болууда. Көпчүлүк адамдар “ЖИ жумушту тартып алат, жашообузду түп-тамырынан өзгөртөт” деп кооптонушат. Бирок, адис катары мындай көз караштар негизсиз деп эсептейм. Мурун ата-бабаларыбыз ат минип, заманбап технологияларды колдонбой эле жашаса, азыр автоунаа, учкучтар, рациялар жана телефондор бар. Бул өзгөрүүлөр жашообузду түп-тамырынан өзгөрткөн жок, болгону жашоону жеңилдете алды. Маселен, мурун кабар жеткирүү үчүн атайын чабарман жөнөтүлсө, азыр WhatsApp аркылуу билдирсе жетиштүү.», — деди Эсенов.