Көзгө чөп салууну кечире албаган аялдар көкүрөк рагы менен жабыркайт
Новость

Көкүрөк рагы көбүнчө көзгө чөп салуудагы таарынычтардан келип чыгат. Бул тууралуу УТРКнын “Айымдар” берүүсүндө психолог Аида Урдинова билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк айымдар көзгө чөп салууну кечире алышпайт.

“Көзгө чөп салуу — өтө курч тема. Эркектер башка аялдар менен жашап кетсе, жубайына катуу сокку болот. Көпчүлүк аялдар муну кечире албайт. Кечирип жашаган аялдардын арасында кийин көкүрөк рагы пайда болушу мүмкүн. Бардык нерселерди көрмөксөн, билмексен болуп ичине жута берип, көкүрөгү шишип, акырында адамдын ден соолугуна чоң зыян тийгизет. Бул таарынычтан жана кечире албагандыктан келип чыгат. Аялдар көбүнчө балдары үчүн жашап, өзүн сактай албай, көкүрөгү муздайт”,- деди ал