Ош шаарында түн ичинде чыккан өрт алты адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык Жибек-Жолу аймактык башкармалыгына караштуу Орозбеков көчөсүндөгү турак үйдүн биринчи (жер төлө) кабатында саат 03:30дар чамасында болгон. Өрт бат жайылып, үйдүн чатырына чейин жеткен.
Кошуналардын айтымында, жалын чатырына чыкканда гана өрт байкалган. Өрт өчүрүүчүлөр келген учурда үй толугу менен жалындап, ичинен жарандардын жансыз денелери табылган. Алдын ала маалымат боюнча, каза болгондордун арасында 34 жаштагы эне жана анын жашы жете элек беш баласы бар.
Окуя болгон жерде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев баштаган укук коргоо жана өзгөчө кырдаал кызматтары иш жүргүзүүдө. Өрттүн себеби иликтенип жатат.