Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Мамлекеттик ипотекалык компания негиздеген «Мурас» турак жай комплексиндеги жаңы мектеп филиалынын иши менен таанышты.
Бул филиал — Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана Бишкек мэриясынын координациясы менен ишке ашкан, шаардагы ашыкча жүктөлгөн мектептердин көйгөйүн жеңилдетүүгө багытталган пилоттук долбоордун алгачкы кадамы.
Долбоордун өзгөчөлүгү — турак үйлөрдүн биринчи кабаттарын убактылуу мектеп класстарына айлантуу. Бул ыкма балдарды өз аймагында билим менен камсыз кылууга, жаңы мектептер курулуп бүткөнгө чейин жакынкы билим берүү жайларындагы жүктү азайтууга мүмкүндүк берет.
Алгачкы филиал Маликов көчөсүндөгү №40 мектептин базасында ачылды. Бул жерде 5–9-класстардын окуучулары үчүн заманбап класстар уюштурулуп, 1000 балага ылайык шарттар түзүлгөн. Окуу эки сменада жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, мектепте шахмат, тогуз коргоол, сүрөт тартуу, кол өнөрчүлүк жана декоративдик-колдонмо искусство сыяктуу ийримдер иштейт. Бул балдардын жөндөмүн ачууга жана билим менен чыгармачылыкты айкалыштырууга өбөлгө түзөт.
Мэр Айбек Джунушалиев долбоорду жогору баалап, мындай формат борбордун башка райондору үчүн да үлгү боло аларын белгиледи. Ал ошондой эле бул тажрыйбаны жайылтуу үчүн методикалык сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасын берди.
«Негизги максат – балдардын жашаган жерине карабай, аларга билим алуу жана өнүгүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүү», – деди мэр.