Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү табигый илимдер, математика жана англис тили боюнча окуу-методикалык комплекстерди колдонуу укугун алган.
Учурда бул окуу китептери кыргыз жана орус тилдеринде окутулган мектептер үчүн адаптацияланып, редакциялоо жана “Учкун” ААК тарабынан басып чыгаруу иштери жүрүп жатат.
Министрликтин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө:
- “Математика”, 1-класс – 295 880 нускада басылып чыгып, мектептерге жеткирилди;
- “Мен жана дүйнө”, 1-класс – 295 880 нускада басылып, таратылууда;
- “Математика”, 2-класс – 344 660 нускада басылып чыгып, мектептерге жөнөтүлө баштады;
- “Табигый илимдер”, 2-класс – басууга даярдалууда.
Аталган окуу китептери мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык даярдалып, окутуунун сапатын жогорулатууга багытталган.