Теңир-Тоо аймагында төрт түлүктүн асылдуулугун арттыруу аракеттери уланууда. Нарын районунун Учкун айыл аймагындагы “Азим С” асыл тукум кой чарбасы жети жылдан бери уяң жүндүү койлорду жасалма уруктандыруу жолу менен көбөйтүп, облустун башка чарбаларына жайылтуу иштерин жүргүзүп келет.
Фермер Султанбек Абдыжакыпов түзгөн чарбада бүгүнкү күндө 550 баш кыргыз тоо мериносу бар. Бул парода — жүнүнүн сапаты, эт беримдүүлүгү жана тоо шарттарына көнүмдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт.
“Бул ак койду багуу оңой эмес. Өзгөчө төл убагында көп түйшүк талап кылат. Ошондуктан көптөр андан баш тартат. Бирок бул койдун эти да, жүнү да абдан пайдалуу. Эмгек кылсаң, пайдасы элге да, өзүңө да тиет”, — дейт фермер.
Султанбек Абдыжакыпов бала кезинен чабандын түйшүгүн көрүп өскөн. Азыр ал атасынан калган ишти улап, жүнү дүйнөлүк рынокко чыга турган асыл тукум койлорду сактап калуунун аракетинде.
Меринос койлору жылуу жай жана сапаттуу тоют талап кылат. Ошондуктан фермерге Нарын райондук өнүктүрүү фонду менен Айыл чарба министрлиги жер иштетүүгө арналган техникалык жардам көрсөтүшкөн. Учурда чарба 12 гектар аянтка беде, 8 гектарга жүгөрү айдап, жыл сайын 40 тоннадан ашуун тоют камдайт.
Бүгүн “Азим С” чарбасынын мериностору 40 кг эт жана 5 кг жүн берет. Акыркы жылдары “Кыргыз жүн” улуттук ассоциациясы фермерлерден жүндү 200 сомдон сатып алып, Европага экспорттоодо.