Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Жер Ынтымагы» конушунун тургундарына буга чейин жашап турган үйлөрүнө мыйзамдуу документ алууга жол ачкан токтомдорду тапшырды.
Мэриянын маалыматына караганда, конуштагы айрым үйлөр көрүстөндүн аймагына жакын жайгашып калгандыктан, мурдагы мыйзамдар боюнча тургундар үйүнө мыйзамдуу документ ала албай келген. Министрлер Кабинети элден түшкөн кайрылууларды карап чыгып, бул аймактагы жарандардын турак жайларын мыйзамдаштырууну туура көргөн.
Жергиликтүү тургун Алмаз Кулматовдун айтымында, ал 10 жыл мурда “Жер Ынтымагы” конушунан жер тилкесин сатып алып, 2021-жылга чейин үйүн документтештире алган эмес. Президент Садыр Жапаровдун Жер мунапысы тууралуу жарлыгынан кийин гана техпаспорт алган. Бүгүн болсо анын жер тилкесине тиешелүү токтом расмий түрдө тапшырылды.
Белгилей кетсек, “Жер Ынтымагы” конушу мурда Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жанында жайгашкандыктан, жүздөн ашык үй санитардык-корголгон аймакка кирип калган. Мыйзам боюнча көрүстөнгө жакын коргоо зонасы 50 метр болушу керек болчу. Бирок элдин кайрылуусунан кийин Министрлер Кабинети бул аралыкты 10 метрге чейин кыскартуу боюнча чечим кабыл алды. Мунун натыйжасында көрүстөндөн 10 метр алыстыкта турган бардык үйлөр мыйзамдуу документ ала алышты.
Ошондой эле бул аймакта 15–20 жылдан бери мыйзамсыз деп эсептелип келген үйлөр бузулбай, сакталып калды. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жалпы 43 жер тилкесине тиешелүү токтом даярдалды. Жалпысынан “Жер Ынтымагы” конушунда мыйзамдаштырылган жер тилкелери миңден ашат.
Азыркы тапта “Жер Ынтымагы” айыл аймагында 1165 жер тилкеси бар. Алардын ичинен 996 жаран жеке менчик укугун бекитүү үчүн арыз берген, буга чейин 890ына тиешелүү чечим чыккан.
“Бишкек башкы архитектура” мекемесинин маалыматы боюнча, борбор калаа жана ага караштуу конуштар боюнча мыйзамдаштыруу үчүн жалпы 37 миңден ашык адам арыз тапшырган. Алардын ичинен 10 миң 651 тилкеге “кызыл китеп” берилген.
Мыйзамга ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейин салынып, бирок документи жок болгон турак үйлөрдү мыйзамдаштырууга уруксат берилет.