Эски чек ара, жаңы өмүр: Жаңы Достук айылында жаңы жашоо башталды
Новость

Баткен шаарынын четинде түптөлгөн Жаңы Достук айылына тургундар көчүп келди. Бул айыл кыргыз-тажик чек арасы такталган соң, көчүрүлө турган тургундар үчүн атайын курулган. Учурда 181 үй даяр, ак өргөө ээлерин тосуп алуу үчүн шарт түзүлгөн.

Достук айылынын тургуну Исраил Кунназаровдун айтымында, Достук айылынан көчүп, Чет-Булактагы Жаңы Достук айылына келип жайгашууда. 

“Негизги буюмдарыбызды алып келдик. Бул үй Достуктагы үйлөргө окшош, жакшы бүткөрүлгөн. Азырынча суу жок, бир-эки күндө келет деп жатышат”,-деди ал.

Достук айылынын башчысы Адалат Айтбаеванын айтымында, көчүрүү иштерин ӨКМ жана жергиликтүү бийлик уюштурууда.

“Айылга бир типтеги үйлөр курулуп жатат. Техникалар жана 40 солдат жардамга тартылган. Контейнер, кирпич, жыгач, отундарды алып келип жатышат. Суу кирсе, толук көчүп келебиз”,-деп билдирди Айтбаева.

Мамарасул мырза болсо чек арадагы Кара-Бак айылынын Дөбө участкасынан көчүп келип, жаңы тамына жайгашып жатат. Аны менен кошо дагы эки кошунасы үй-бүлөсү менен ушул Жаңы Достук айылына көчүрүлүүдө.

“Үйлөрдүн шарттары жакшы экен. Кошуналарым менен катар жайгаштык. Дөбө участкасында да кошуна жашачубуз. Келиндер пардаларды асып, очокторду куруп, бул жерде түбөлүк жашай турган окшойбуз”,-деди Кара-Бак айылынын тургуну. 

Жаңы Достук айылы мамлекеттин күчү менен түптөлдү. Айылда бардык шарты алдын ала каралган. Жаңы салынган турак жайлар менен катар эле четинен таза суу тартылып, электр жарыгы берилип, жолдор салынып, айылдын инфраструктурасы толук бүткөрүлүүдө.