Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтунда дагы бир жолу жүрөккө уникалдуу операция ийгиликтүү жасалды. Хирургдар кан тамыр аркылуу жүрөктүн клапандарын алмаштырышты. Мындай операциялык кийлигишүү Кыргызстанда саналуу учурларда гана болуп келген.
73 жаштагы Якуткан Маматкулова жүрөк оорусуна чалдыкканын сегиз ай мурда билген. Ал Россиянын Новосибирск шаарындагы дарыгерлерге кайрылганда, кошумча ашказан жарасы аныкталып, жашы улгайгандыгына байланыштуу операция жасоодон баш тартылган. Оорусу өтүшүп кеткен бейтап мекенине кайтып келип, кыргыз дарыгерлеринин колунан ийгиликтүү операция болду.
“Мен бул ооруканага катуу ооруп келдим, өз алдынча баса албай калгам. Дарыгерлерге чоң рахмат, операциядан кийин абалым кыйла жакшырды”,-деди бейтап.
Оор илдетке чалдыккан бейтаптын жүрөгүнүн иштеши начарлап, ашказанындагы жарадан улам кан агуу коркунучу жогору болгондуктан, башка жакка которуу мүмкүн эмес эле. Дарыгерлер сан артериясы аркылуу жүрөккө жаңы клапан орнотушкан.
Мындай ыкма менен операциялар Кыргызстанда 2020-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Ушуга чейин 20 чакты бейтап дартына даба тапкан.
Мамлекет калктын аялуу катмарына бул багытта колдоо көрсөтүп келет. Быйыл институтка эки клапан, ал эми келерки жылы дагы үч клапан каралган. Бул операциялар акысыз жүргүзүлөт.