Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Болотбек Тиллебаев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорлук кызматынан бошотулду. Анын ордуна Уланбек Сатиев дайындалды.
Тескеме Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык чыгарылган.