Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкекте 3 күн бою машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу ӨКМден билдирет.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн кесепеттеринен коргонуу, алдын ала даярдыктарды күчөтүү иштери жүрөт.
“Бүгүнкү күндө, өзгөчө Бишкек шаары үчүн жер титирөө коркунучу – реалдуу жана өтө кооптуу факторлордун бири болуп эсептелет. Сейсмикалык активдүүлүгү жогору аймакта жайгашкан борбор калаабызда калктын өтө жыш жайгашуусу, эскирген көп кабаттуу үйлөр жана инженердик тармактардын начар абалы – жер титирөө учурунда олуттуу адамдык же кайтарымсыз материалдык жоготууларга алып келүү коркунучун жаратууда.
Асман тиреген кабаттуу үйлөр жана бизнес борборлорунун сейсмикалык коопсуздугу боюнча талаптардын сакталбаган учурлары катталууда.
Ушундай кырдаалдарды алдын алуу максатында, Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун ар бир бөлүгү – мамлекеттик органдар, Жарандык коргонуу кызматтары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк – жогорку деңгээлде даяр болуусу учурдун талабы.
Машыгуунун негизги максаты дагы дал ушунда – реалдуу жер титирөө катталган учурда кандай аракеттер көрүлөөрүн практика жүзүндө текшерүү”,-деп берилет маалыматта.
Машыгууга Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, ӨКМдин өздүк курамы, өрт өчүрүүчүлө, куткаруучулар катышат. Ошондой ӨКМге караштуу Апааттык медицина кызматы, “Аваиция ишканасы” жана Жарандык коргонуу кызматтары: Транспорт, Коомдук тартипти сактоо кызматтары, Коргоо министрлигинин куткаруучулары, Медицина кызматынын түзүмү, Энергия менен жабдуу жана жарыкты чүмбөттөө кызматынын түзүмү, Бишкек суу канал ишканасы, ГАЗ менен камсыздоо кызматы жана башка мекемелер жана күч каражаттар, ӨКМдин тик учагы тартылат.
Министрлик шаардыктарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат.