Видео далил: Декларация жана документтер үчүн акча жыйнаган бажычылар кармалды
Новость

Мамлекеттик бажы кызматынын айрым кызмат адамдары тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынан системалуу түрдө акча талап кылып келген деген шек менен кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын маалыматына караганда, “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын (Ак-Чий) бажы инспекторлору иш ордунда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө пара алып жаткан учурлар видеого түшкөн. Алар ишкерлерден декларациялар жана башка документтерди каттоодо 3 миңден 5 миң сомго чейин мыйзамсыз акча алышкан.

15-октябрда УКМК менен Мамлекеттик бажы кызматынын Ички коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан пара алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, төмөнкү кызматкерлер кармалды:

  • К.Д.Д. — подполковник, башкы инспектор;
  • А.М.А. — майор, улук инспектор;
  • А.М.А. — капитан, улук инспектор;
  • Т.Ж.А. — майор, инспектор;
  • Н.Н.М. — майор, инспектор.

Бардыгы 23-ноябрга чейин №21 тергөө абагына камакка алынды. Учурда бул коррупциялык схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

УКМК бардык мамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына кайрылып, коррупциялык аракеттер үчүн жоопкерчилик сөзсүз болорун эскертти.