УКМКнын кызматкерлери тарабынан Ош облустук аймактык адвокатурасынын адвокатынын алдамчылык фактысы аныкталды.
Маалыматка ылайык, жактоочу Ноокат райондук сотундагы кылмыш иши боюнча соттолуучуга юридикалык жардам көрсөтүп жатып, сот кызматкерлери менен “таанышым бар, чечимге таасир эте алам” деп ишендирип, соттолуучунун атасынан 110 миң сом талап кылган.
15-октябрда УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде Башкы прокуратура адвокатка каршы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгү (“Алдамчылык”) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Ал 16-октябрда акча алып жаткан учурда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда бул иш боюнча башка адамдардын да катыштыгы бар-жогу териштирилип жатат.