Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал кызматтык абалынан пайдаланып, абитуриенттерди адаштырып, сырттан окуу бөлүмүнө тапшыртып, андан соң экзамендерди ийгиликтүү тапшыруу менен мамлекеттик үлгүдөгү диплом берем деп убада кылган. Кызмат көрсөтүүлөрү үчүн алдамчы мезгил-мезгили менен жабыр тарткандардан окуу акысын төлөө жана семестрлерди "жабуу" үчүн акча алып турган.
Учурда тергөө тарабынан кармалган окутуучунун акыркы 5 жыл ичинде жасаган ушул сыяктуу 50дөн ашык алдамчылык фактысы аныкталды.