Президенттин колдоосу менен Памирдеги кыргыздарга медициналык жардам жеткирилди
Новость

Президенттин колдоосу менен Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Биринчи радионун “Таңкы Кыргызстан” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мындай гуманитардык экспедициялар жыл сайын уюштурулуп келет. 

“Быйылкы экспедициянын курамында алты дарыгер барды: эки тиш догдур, эки кардиолог, бир УЗИ адиси жана бир акушер-гинеколог. Биз заманбап УЗИ аппараттарын жана керектүү медициналык жабдыктарды алып бардык. Ал жакта УЗИ кызматы дээрлик жок экен,” — деди Дарманкул уулу.

Бакыт Дарманкул уулу белгилегендей, жолдун татаалдыгынан улам жергиликтүү тургундар облустук борборго жетүү үчүн унаа менен үчтөн алты күнгө чейин убакыт сарпташат.

“Ага Хан” фонду Чоң Памир менен Кичи Памирде чакан клиникаларды ачып, фельдшерлерди иштетүүдө. Бирок учурда толук кандуу дарыгерлер жетишпейт. Министрликтин маалыматына ылайык, жакын арада тиш догдур жана УЗИ адисин ошол аймактарга дайындап берүү каралууда.

Эгер бул маселе чечилсе, Памирдеги кыргыздарга жыл сайын медициналык жардамды үзгүлтүксүз көрсөтүү мүмкүн болот.