Ак-Ордо: Эки адамды өлтүрүүгө шектүү качып бараткан жеринен жок кылынды
Новость

Ак-Ордо конушунда эки адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран жок кылынды. Бул тууралуу ИИМ кабарлайт.

ИИМдин маалыматына караганда, бүгүн, 14-октябрда шектүү Кемин районунда кылмыштын жасалуу шарттарын жана жагдайын кайра көрсөтүү учурунда качып кетүүгө аракет кылган. Аны кармоо учурунда «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамынын 45 жана 46-беренелерине ылайык кызматтык курал колдонушкан.

Натыйжада, шектүү алган жаракатынан улам каза болгон.

Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет. 

3-октябр күнү Ак-Ордо жаңы конушунда эжеси менен иниси мыкаачылык менен бычакталып өлтүрүлгөн. Шектүү издөөгө алынып, ИИМ анын ошол аймакта басып бараткан видеосун жарыялаган. Көп өтпөй маркумдун аялы үч баласы менен жылаңайлак качып бараткан тасма тараган.

7-октябрда кылмышка шектелип 19 жаштагы жаран кармалган. 

Кечээ, 8-октябрда ИИМ шектүүнүн жүргөн жерлеринен жана окуя болгон үйдөн топтолгон видео, сүрөттөрдү жарыялаган. Маркумдун жубайы шектүүнү 100 пайыз тааныганын жана окуянын чоо-жайын айтып, көрсөтмө берген.