Ак-Ордодогу эки бир туугандын өлүмү: ИИМ шектүү тууралуу толук маалымат берди
Новость

Бүгүн, 8-октябрда Ички иштер министрлиги Ак-Ордо жаңы конушунда эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалганы тууралуу кенен маалымат таратты.

ИИМдин маалыматы боюнча, 3-октябрь күнү саат 03:28 чамасында “102” кызматына Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө белгисиз адам үйгө кирип, үй ээсине бычак менен кол салганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге ИИМдин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу барган. Текшерүү учурунда 1991-жылы туулган И.у.Э. жана анын эжеси, 1987-жылы туулган Б.А.нын жансыз денелери табылган.

Окуя болгон жерден далил буюмдар жана сыртта турган автоунаанын жүк бөлүгүнөн ири суммадагы акча каражаты алынган.

Бул факт боюнча Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча кылмыш иши козголгон. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, маркум И.у.Э.ге 18 жолу, ал эми анын эжесине 11 жолу бычак сайылганы аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун жубайы суракка алынып, анын көрсөтмөлөрүнүн негизинде шектүүнүн болжолдуу келбети түзүлгөн. Шектүү тууралуу маалымат ички иштер органдарына багыттама түрүндө жөнөтүлгөн.

Бул иш ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган. Милиция кызматкерлери аймактагы бардык видеокамераларды изилдеп, кылмыштын изин табуу боюнча кеңири ыкчам иштерди жүргүзүшкөн.

Жыйынтыгында, шектүү катары 2006-жылы туулган И.С. аныкталып, “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагындагы жүздү таануу системасынын жардамы менен кармалган. Ал Тергөө кызматына жеткирилди.

Мындан тышкары, шектүүнүн кыймылы боюнча Бишкектен Ысык-Көлгө чейинки аралыктагы бардык видео көзөмөл камералары текшерилүүдө.

Азыркы учурда кылмыштын себептерин жана башка жагдайларды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.

ИИМ кылмышты ачууда жардам берген жана колдоо көрсөткөн бардык жарандарга ыраазычылык билдирди.