2025-жылдын 3-октябрында Ак-Ордо жаңы конушунда болгон эки адамдын өлүмү боюнча иликтөө иштери уланууда. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча катталып, тергөө жүрүп жатат.
ИИМдин маалыматына караганда, жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери 2006-жылы туулган И.С. аттуу жаранды кылмышка шектүү катары кармашкан.
8-октябрда маркумдун жубайы, 1992-жылы туулган Ш.Н. аттуу жаран Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына келип, тергөөдө кеңири көрсөтмө берип, шектүүнү таанып-билген.
Ал коомчулуктан анын кайгысын урматтоо менен кабыл алып, сабырдуулук көрсөтүүгө чакырып, социалдык тармактарда терс пикирлерди жана жалган маалыматтарды таратпоону суранды.
Видеосу телеграмда