Тарыхта биринчи жолу 34 жаңы медициналык мекеме курулууда
Новость

Мамлекет Саламаттык сактоо тармагындагы инфраструктурага ири инвестиция салып, тарыхта биринчи жолу масштабдуу курулуш иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев УТРКнын “Эл үнү” көрсөтүүсүндө билдирди.

Ага чейин жаңы ооруканаларды куруу көбүнчө кредит же демөөрчүлөрдүн жардамы менен гана ишке ашырылган. Азыркы учурда өлкө боюнча 34 жаңы медициналык мекеме курулуп, 20га жакын имарат капиталдык оңдоодон өтүүдө жана бардык каржылоо мамлекет тарабынан камсыздалууда.

Ай сайын жаңы ооруканалар пайдаланууга берилип, жакында инфекциялык оорукананын жаңы имараты да ишке кирет. Аймактарда жана облустарда эски имараттар бузулуп, алардын ордуна заманбап курулуштар жасалууда.

Министрдин айтымында, дарыгерлер үчүн заманбап шарттар түзүлүп, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга бардык мүмкүнчүлүктөр каралган.