Түркиянын телеоператорлор ассоциациясы Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар
Новость

Бүгүн, 14-октябрда УТРКнын башкы директору Түркиянын телеоператорлор ассоциациясынын төрагасы Айтэкин Полателди кабыл алып, түрк маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Ассоциация салттуу түрдө жыл сайын өткөрүлүп келген “ZOOM” аттуу видеожаңылыктар 28-Эл аралык сынагын 2026-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү пландашууда. Буга байланыштуу алар УТРК менен медиа өнөктөш катары кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

Бул конкурс дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген операторлор менен журналисттердин мыкты жаңылык видеолорун баалоо боюнча ири эл аралык медиа иш-чара. 

Сынак өткөн жылы ал Баку шаарында өткөрүлгөн. Быйыл Анкара шаарында өтө турган болду. Ал эми 29-ZOOM видеожаңылыктар сынагы кийинки жылы Кыргызстанда өтөт. 

Мындай жолугушуулар жана долбоорлор түрк дүйнөсүнүн медиа тармагындагы байланышты чыңдап, кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө болот.

Түркиянын телеоператорлор ассоциациясы 1994-жылы түзүлгөн. Ошондон бери THKD өз алдынча кесиптик биримдик катары иш жүргүзүп, ар кандай долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырып келет.