Улуттук олимпиада комитети олимпиадалык стипендия ала турган спортчулардын тизмесин жарыялады.
Тизмеге спорттун 8 түрү менен машыккан 18 спортчу кирди. Бул спортчулар 2025-жылдын сентябрь айынан 2028-жылдын июль айына чейин 500 доллардан алышат.
Стипендия тапшыруу аземи 14-октябрда Бишкек шаарындагы Улуттук олимпиада комитетинин кеңсесинде болуп өттү.
Буга чейин Кыргызстанда Токиодогу оюндардын алдында 10 спортчу, ал эми Париждеги Олимпиаданын алдында 15 спортчу стипендия алышкан.
Улуттук олимпиада комитетинин билдирүүсүндө, бул стипендиялык программа спортчуларга машыгуу процессине көңүл бурууга, чеберчилик деңгээлин жогорулатууга жана Кыргызстанды Олимпиада оюндарында ийгиликтүү көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Спортчулардын тизмеси:
- Акжол Махмудов, грек-рим күрөшү
- Жоламан Шаршенбеков, грек-рим күрөшү
- Эрназар Акматалиев, эркин күрөш
- Бекзат Алмаз уулу, эркин күрөш
- Айсулуу Тыныбекова, эркин күрөш
- Мээрим Жуманазарова, эркин күрөш
- Айпери Медет кызы, эркин күрөш
- Калмира Билимбекова, эркин күрөш
- Ихтияр Нышонов, бокс
- Мырзакир Кошалиев, бокс
- Зарина Асанова, бокс
- Денис Петрашов, сууда сүзүү
- Эрлан Шеров, дзюдо
- Адина Көчкөнбаева, дзюдо
- Родион Туйгунов, каноэде сүзүү
- Арууке Талантбекова, ок атуу
- Асел Шарбекова, жаа атуу
- Айнуска Калил кызы, жеңил атлетика