Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, экологияга зулумдук кылган кылмыштын эскирүү мөөнөтү жокко чыгарылат. Мындай чара айлана-чөйрөгө ири көлөмдө зыян алып келген, абаны булгоочу заттарды колдонгон жана экологияга терс таасир алып келген аракеттерге каршы колдонулат. Эскирүү мөөнөттү жокко чыккандыктан, бул өңдүү кылмыштарды жасагандар эртели-кеч жоопкерчиликке тартылышат.