Бишкекте бир катар бак дарактар кулады
Новость

POST1RIGHTКече күн бою жааган суу кардын кесепетинен Бишкекте бир катар бак дарактар кулады. Бактыга жараша олуттуу жаракат алгандар жок болгон менен, дарактар 21 автоунаага зыянын тийгизди. Мындан тышкары айрым жерлерде электр зымдар үзүлүп жолдор торолду.

Дүмүрү менен жыгылган, бутагы сынган бак дарактардын жалпы саны 166га жеткен. Анын көбү Жаш гвардия менен Эркиндик бульварында . Кулаган дарактардын арасынан унаа жолдорун ,жөө журүүчү тротуарларды тосуп калгандары бар. 

Бак дарактардын кулашынан, бир адам жеңил жаракат алып ага ыкчам медициналык жардам көрсөтүлгөн. Калган учурларда бактыга жараша жабыркагандар жок. Бирок 21 авто унаага зыяны тийген.