Суу аралаш кар, унаалардан дагы жөө кишини жүдөтөт. Анын үстүнө Бишкекте жолдор тазаланган менен, көчө бою аялдамалар унутта калып, жүргүнчүлөр суу кечип жүрүүгө мажбур. Борбор калаага кар түнкү саат экилерде жаап баштады. Тазалык ишканасынын кызматкерлери болсо таңкы төрттө жумушка чыгышкан. Кар күрөгөн он сегиз унаа таң атып, унаа кыймылы жандангыча иштеди дешет.
“Тазалык” ишканасы жөө адамдар баса турган жерлерди тазалап атканын айтат. Жол жээктерине болсо, унаалар токтоп алгандыктан кардан арылтууга жетишпей калдык дешет. Ошентсе да 200 чукул кызматкер таң атпай күрөк көтөрүп жумушка чыккан. Бирок алардын биринчи тапшырмасы ак үй менен көк үй тарапты тазалоо болгон көрүнөт.“Тазалык” ишканасы жөө адамдар баса турган жерлерди тазалап атканын айтат. Жол жээктерине болсо, унаалар токтоп алгандыктан кардан арылтууга жетишпей калдык дешет. Ошентсе да 200 чукул кызматкер таң атпай күрөк көтөрүп жумушка чыккан. Бирок алардын биринчи тапшырмасы ак үй менен көк үй тарапты тазалоо болгон көрүнөт.